Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Ысык-Көл жээгиндеги мушташ боюнча үч шектүү кармалды


Ысык-Көл жээги. Архивдик сүрөт.
Ысык-Көл жээги. Архивдик сүрөт.

Ысык-Көл райондук милициясы көл жээгиндеги мушташтын чоо-жайын иликтеп жатканын, шектүү катары үч киши кармалганын облустук ички иштер башкармалыгы "Азаттыкка" бүгүн, 17-августта билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, факт райондук милициянын электрондук журналына катталды, тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Окуя 16-августта "Радуга Вест" эс алуу борборунун жанындагы кум жээкте болгону, ижарага скутер берип иштеткен кишиге карата чара көрүүнү өтүнүп 55 жаштагы эс алуучу жана анын 27 жаштагы уулу кайрылышканы, алар Казакстандын Алматы шаарында жашаган кыргыз жарандары экени маалымдалды.

Эс алуучулардын айынан скутердин моторуна суу кирип кеткени, алгач алар оңдогонго акча төлөп берерин убада кылып, бирок жээкке чыккандан кийин баш тартып коюшканы, скутердин ээси ошого ызаланып, мушташ башталганы айтылууда.

Окуянын видеосу бүгүн социалдык түйүндөргө тарап жатат. Айрым окурмандар көлгө барып эс алуу кооптуу болуп калганын айтышса, айрымдары бул үчүн эс алуучулардын өзүлөрүн айыптап жатышат.

Жакында эле Ысык-Көлгө Таластан эс алганы барып, жээкте каза болгон 23 жаштагы жигиттин өлүмү коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Алгач ал өзү талма оорусу кармап каза болгону айтылган, кийин видеосу ачыкка чыккандан кийин териштирүүнү президент өз көзөмөлүнө алганы айтылган жана төрт шектүү кармалган. (MKt)

XS
SM
MD
LG