Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

NYT: Украинадагы согушта жарым миллиондой аскер окко учту


Украинадагы согуш башталгандан бери эки тараптан тең жарадар болгондордун жана каза тапкан аскерлердин саны 500 миңге чукулдаган.

Бул маалыматты The New York Times гезити АКШнын администрациясындагы атын атабаган булактарга таянып билдирди.

Администрациянын баамында Орусия майданда Украинага караганда көп адамын жоготкон. Болжол менен 120 миң орусиялык согушта өлүп, 170-180 миңи жарадар болгон. Украина тараптан 70 миң адам өлүп, 120 миңдейи жараат алган.

New York Times бул анык маалымат эмес экенин белгилеп, америкалык мекемеде эки тараптын согуштагы жоготуулары тууралуу ар башка маалымат бар экенин жазган. Ушул жылы ачыкка чыгып кеткен Пентагондун документинде орусиялык армиянын жоготуусу 43 миң, Украинаныкы 17 миңден ашык деп көрсөтүлгөн.

Согушкан эки тарап тең жоготуулары тууралуу маалымат бербейт. Москва каза болгон аскерлеринин санын бир жыл мурда расмий жарыяласа, Киев бул маалымат согуш бүткөндөн кийин гана берилерин айткан.

Ошол эле маалда эки тарап тең каршылашы чоң жоготууга учураганын белгилеп келет. Украина 250 миңдей орусиялык аскер жок кылынганын айтса, орусиялык расмий адамдар Украинанын жоготуусу сегиз эсе жогору экенине ишендиргенге аракет кылат.

Согуштагы жоготууну ар кандай байкоочулар жана ЖМК да ачык булактарга таянуу менен баалаганга аракет кылып келет. Би-Би-Синин орус кызматы менен "Медиазона" социалдык булактардагы билдирүүлөргө жана ачык булактарга таянып, орусиялык армиянын катарында каза болгон 30 миң адамдын аты-жөнүн аныктаган. Өлгөндөрдүн реалдуу саны мындан да жогору болушу мүмкүн. Буга чейин Евгений Пригожин "Вагнер" тобу эле Бахмутту курчоого алганда 20 миң адамынан айрылганын билдирген.

New York Times орусиялык армия жоготууга учураганы менен согуш талаасында украин күчтөрүнө караганда басымдуулук кыларына токтолгон. Басылма Орусиянын калкынын саны Украинаныкына караганда үч эсе көптүгүн эске салып, мобилизациялык ресурсу жетиштүү экенине көңүл бурган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG