Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

Казакстан: Балкаштын жанындагы жол кырсыгы тогуз кишинин өмүрүн алды


Кырсык болгон жер. 19-август, 2023
Кырсык болгон жер. 19-август, 2023

Балкаш - Приозерск трассасындагы жол кырсыгынан тогуз кишинин өмүрү кыйылды. Кырсык 19-августта эртең менен, Караганды облусунун Гүлшат айылына жакын жерде болгон. Toyota Camry 70 жана Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Бир жүргүнчү ооруканага жеткирилди.

Расмий маалыматка караганда, Казакстанда алты айда 300 киши жолдогу кырсыктардан каза болгон.

Акыркы үч жылда бул өлкөдө жол кырсыктары 9% өскөн. Андан 6,5 миң киши каза болуп, 55 миңден ашууну ар кандай жараат алган. Бул тууралуу июнь айында Ички иштер министрлигинин жыйынында президент Касым-Жомарт Токаев билдирген. Мамлекет башчы абалды жөнгө салуу үчүн чара көрүүнү тапшырган.

Европа биримдигинин статистикалык кызматынын маалыматына караганда, Казакстан жол кырсыктары көп катталган беш өлкөнүн катарына кирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG