Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:39

Акылбек Жапаров Үрүмчүдө таза сууну экспорттоо маселесин талкуулады


Акылбек Жапаровдун Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районуна жасаган жумушчу сапарындагы жолугушуу. 19-август. 2023
Акылбек Жапаровдун Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районуна жасаган жумушчу сапарындагы жолугушуу. 19-август. 2023

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Шинжаң-Уйгур автоном районуна болгон иш сапарынын алкагында Qingdao Laoshan Mineral Water Co.,Ltd. компаниясынын башкармасынын төрагасы Ван Да менен жорлугушту.

Жапаров өлкөнүн суу ресурстарынын толук пайдаланылбай жатканын белгилеп, Кыргызстан экологиялык жактан таза ичүүчү сууну Кытайга, Европа жана Азия өлкөлөрүнө экспорттоого даяр экенин жана бул үчүн Laoshan өңдүү компаниялардын тажрыйбасы керек экенин айткан.

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, суу жана суусундуктарды өндүрүү менен алектенген Laoshan ичүүчү сууну экспорттоого кызыкдар экенин билдирген.

Жапаров сапар алкагында Үрүмчүдөгү Эркин экономикалык зонага барып, пошлинасы жок электрондук соода жүргүзүү ишмердиги менен таанышты. Кыргызстанда дагы ушундай аймак түзүүнү тийиштүү министрликтин жетекчилерине тапшырып, электрондук коммерцияны өнүктүрүү жана инвестиция тартууга бардык шарттар түзүлөрүн кошумчалаган.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун Үрүмчү шаарында өткөн кыргыз-кытай бизнес форумунун жыйынтыгында жалпы суммасы 1 миллиард доллардан ашкан 29 келишимге кол коюлганын кабарлаган.

Бизнес форумга Акылбек Жапаров катышып, эки тараптуу кызматташтык, товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, көзөмөл-өткөрмө пункттарын модернизациялоо, энергетика жана жол куруу тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу багытында сүйлөшүү жүргүзгөн.

Өкмөт башчы Шинжаңга жумушчу сапар менен 16-августта барган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG