Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:14

УКМК кармалган чеченстандык активист боюнча маалымат берди


Мансур Мовлаев.
Мансур Мовлаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чеченстандык активист Мансур Мовлаев бир жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөнүн, атайын кызматтын террордук уюмдарга бөгөт коюу ишинин алкагында ал Ысык-Көл облусунун аймагында колго түшүрүлгөнүн билдирди.

Мекеме 21-августта тараткан маалыматында 28 жаштагы шектүү радикалдуу идеологияны карманарын, ал Сириядагы эл аралык террордук уюмду каржылоо маскатында анын эмиссарларынын көрсөтмөсү боюнча Кыргызстандагы колунда бар адамдарды карактоо ниетин көздөп жүргөнүн, быйыл январда Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп келип, орус жарандыгы тууралуу жасалма паспорт менен жүргөнү аныкталганын белгиледи.

“Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Мыйзамсыз аракеттерди документтештирүү боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Улуттук коопсуздук органдары террордук жана диний-экстремисттик ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштерди улантууда”, - деп билдирди УКМК.

Чеченстандык активист менен Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери абактан жолугуп чыкканын жетекчиси Бакыт Рысбеков 21-августта “Азаттыкка” билдирди. Анын сөзүнө караганда, Мансур Мовлаев эч кандай кыйноого кабылбаганын, кармоо учурунда колу жана буту тытылып кеткенин айткан. Бул убактылуу кармоочу жайдагы медициналык китепчесине жазылган.

“Мансур Мовлаев эгерде Кыргызстандан экстрадиция болсо, барган жеринен сөзсүз кыйноого кабыларын айтыптыр”, - деди Рысбеков.

Адвокат Илгиз Насыров шектүүнүн бөгөт чарасы 21-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда караларын айтты. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып коюлганы айтылууда.

VC.RU сайтындагы маалымат боюнча, Мовлаев Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун негизги сынчыларынын бири. Ал 2020-жылы үч жылга соттолуп, 2022-жылы эркиндикке чыккан. Бирок кайра кармалып, Шалин райондук ички иштер бөлүмүнөн качып чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG