Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Министр Кулубаев АКШ сенатору менен санкция маселесин талкуулады


Жээнбек Кулубаев жана Гэри Питерс.
Жээнбек Кулубаев жана Гэри Питерс.

21-августта Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын сенатору, Сенаттын Улуттук коопсуздук жана өкмөт иштери боюнча комитетинин төрагасы Гэри Питерсти кабыл алды. Министрликтин басма сөз кызматы жолугушууда тараптар коопсуздук, санкцияларды алдын алуу, С5+1 механизминин алкагында кызматташууну талкуулаганын кабарлады.

Өткөн айда АКШнын санкциясына кабылды делген кыргызстандык компанияларга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) иликтөө баштаган.

Мунун алдында АКШнын Каржы министрлиги Орусиядагы 120дан ашуун компания менен катар Кыргызстанда катталган төрт ишканага да санкция салган. Аталган мекеменин маалыматында айтылгандай, “кара тизмеге” илинген компаниялардын айрым жабдуулары орустардын Украинага каршы колдонулган курал-жарактарынан табылган.

Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларынан товар алып турган Орусиядагы бир катар ишканалар да санкциялык тизмеге кошулган.

“Азаттык” буга чейин Орусиянын согушка жардамдашып жаткан компаниялары менен кызматташуусу ыктымал делген кыргызстандык ишканалар боюнча атайын иликтөө жасаган. Буга чейин АКШ Кыргызстандагы “Тро, Я” аттуу компанияга да санкция салган.

Адатта “кара тизмеге” киргизилген компаниялар эл аралык деңгээлде иш жүргүзө албайт жана Батыш өлкөлөрүндөгү ишканалар менен кызматташуусуна жол жабылат. Андай компанияларды тейлөөгө да тыюу салынат.

Буга чейин АКШнын Сенатындагы Эл аралык мамилелер комитетинин башчысы Боб Менендес санкциялык чектөөлөр бузулган жагдайга байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылган.

Садыр Жапаров 9-августта “Кабар” агенттигине курган маегинде Боб Менендестке жооп берип, Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG