Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:52

Бекбол Аманкуловдун өлүмү: үч милиция кызматкери камалды


Бекбол Аманкулов.
Бекбол Аманкулов.

Ысык-Көлдүн Бостери айылына эс алууга келген Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө байланыштуу үч милиция кызматкерине кылмыш иши козголуп, камакка алынды.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын багыттагы полкунун кызматкерлери ( К.У., Н.У., жана Э.А.) кармалып, райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды.

Шектүүлөр Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.

“Жайкы туристтик мезгилде коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган милиция кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды”, - деп айтылат маалыматта.

Бекбол Аманкулов Бостери айылында 6-августка караган түнү көл жээгинде каза болгон. Маркумдун туугандары ал ур-токмоктон мерт болгонун, милиция анын өлүмүн талма оорусу менен байланыштырганга аракет кылып жатканын айтып чыгышкан. Көп өтпөй бул окуянын териштирилишин президент Садыр Жапаров көзөмөлүнө алган.

ИИМ ишти иликтөө үчүн тергөө тобун түзүп, 14-августта Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шек саналып төрт адам кармалган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG