Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:13

Ооганстанда камакка алынган активист аялдар бошотулду


"Талибанга" каршы аялдар. Иллюстрация.
"Талибанга" каршы аялдар. Иллюстрация.

Ооганстанда нааразылык акциясын уюштурууга шек саналып камакка алынган кеминде сегиз аял бир нече сааттан кийин бошотулду. Өлкөдөгү аялдардын улуттук биримдик жана тилектештик кыймылынын мүчөлөрү 19-августта Кабулда камалган. Алар бошотулганы тууралуу 21-августта "Азаттыктын" ооган кызматы жазды.

Кыймылдын мүчөлөрү "Талибан" бийлигинин коопсуздук кызматкерлери кыз-келиндерди ырайымсыздык менен кармап кеткенин билдиришти. Алар нааразылык акциясын уюштуруу үчүн бир үйгө чогулганда камакка алынган. Маалыматка караганда, талибдер мындай акцияларды жабык өткөрүүнү талап кылган.

2021-жылы бийликке келгени "Талибан" өкмөтү аялдардын билим алуусуна, ээн-эркин жүрүшүнө чектөөлөрдү киргизген. Эл аралык уюмдар бул жагдайга тынчсыздануу билдирип келет.

"Талибан" бийлигин дүйнө өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан да тааныбайт. Аталган кыймыл экстремисттик деп табылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG