Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:54

Кемпир-Абад иши: Жеңиш Молдокматов сот ачык өтүшүн талап кылды


Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматов Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков иштин материалдарынын биринчи жана 50-тому менен шектүүлөрдү тааныштырбай жатканын билдирди. Бул тууралуу анын кайрылуусу Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

“Эми сотто иш менен таанышалы десек, судья Марат Сыдыков мыйзамга ылайык соттук процессте бардык тараптардын катышында иш менен таанышуу чечимин кабыл албастан, өзү каалагандай чечип бизди токтом менен тааныштырган жок жана таанышуу графиги бекиген жок”, - деп айтылат маалыматта.

Ал Кемпир-Абад иши боюнча айып коюлгандар судья Марат Сыдыковдун соттук отурумдарды жабык өткөрүү чечимин тааныбай турганын жана сот ачык өтүшүн талап кылышарын кошумчалаган.

21-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жараян болбой, иштин материалдары менен таанышуу үчүн деген негизде кийинки отурум 5-сентябрга дайындалган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды "бийликти басып алууга аракет кылган" деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын айрымдары май айында да ачкачылык жарыялап, кийинчерээк токтотушкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG