Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Төлөн уулу Бектемир "кастыкты козутуу" иши боюнча бүгүн да суракка чакырылганын айтты


Төлөн уулу Бектемир.
Төлөн уулу Бектемир.

Кастыкты козутуу тууралуу кылмыш ишинин негизинде милицияга жеткирилген Төлөн уулу Бектемир бүгүн 22-августта да суракка чакырылганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 21-августта үйүнөн эки милиционер алып кеткен, суракка адвокаты да катышкан:

“Фейсбукка мыйзамга туура келбеген нерселерди жазыпсыз деп чакырышты, принтерге басып чыгарып көрсөтүштү. Анын көпчүлүгү мен жазган эмес, бирөөлөрдүн жазганын бөлүшкөн посттор экен. Мен жазгандар да бар экен. 2-3 саат сурап, бара бериңиз, эртең келиңиз дешти. Макул дедим”.

Төлөн уулу Бектемир ден соолугуна кооптонуп жатканын кошумчалап, 2-топтогу майып экенин, кант диабетине байланыштуу 5 маал инсулин алып турарын, жүрөгүнөн ачык операция болгонун, доктурга улам көрүнүп турушу зарыл экенин белгиледи.

Интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу коомдук маселелер боюнча өз оюн ачык билдирип жүргөн Төлөн уулу Бектемир Бишкекте милиция бөлүмүнө жеткирилгени 21-августтун кечинде маалым болгон.

Борбор калаанын ички иштер башкармалыгы ал Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесине (Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) ылайык козголгон кылмыш ишинин алкагында жеткирилгенин билдирген.

“Ыкчам тергөө амалдарынын негизинде Төлөн уулу Бектемир аттуу жаранды Бишкек шаарынын ИИББ ЭММККК Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын ГОМ-8 тергөө кызматына жеткиришкен. Кошумча маалымат кийинчерээк жарыяланат”, - деп маалымдаган мекеменин басма сөз кызматы.

Төлөн уулу Бектемирди күч органдары кармап кетишкенин алгач укук коргоочу Азиза Абдирасулова кабарлап, “Эч кимге зыяны жок, музыка, искусство тармагында жүргөн, комуз, аккордеон тарткан жигит кимдин куйругун басты?” деп Фейсбукка жазган.

Журналист Аскер Сакыбаева ал тууралуу “Бектемир Төлөн уулу деген чыныгы патриот, өз оюн тайманбай айтып жүргөн чыгармачыл адам ушул болот” деп жазган.

Төлөн уулу Бектемирдин Фейсбуктагы баракчасындагы маалыматка караганда, ал Кыргызстанга чет жактан быйыл июль айынын соңунда кайтып келген. (JEg/RK)

XS
SM
MD
LG