Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:35

Украинадагы согушка катышкан жарандын арызы Жогорку сотто каралууда


Украинада согушка катышкан деген негизде соттолгон адам. УКМК тараткан сүрөт. 12-январь, 2023-жыл.
Украинада согушка катышкан деген негизде соттолгон адам. УКМК тараткан сүрөт. 12-январь, 2023-жыл.

Украинадагы согушка катышкан деген айып менен 10 жылга соттолгон Аскар Кубанычбек уулунун арызы Жогорку сотто бүгүн, 22-августта каралып, кийинки отурум 30-августка белгиленди. Бул тууралуу соттон кабарлашты.

2023-жылдын 16-майында Бишкектин Биринчи Май райондук соту Украинадагы согушка Орусия күчтөрүнүн катарында катышканы үчүн айыпталган Аскар Кубанычбек уулун 10 жылга соттогон.

Апелляциялык арызды караган Бишкек шаардык соту 7-июнда ушул эле чечимди күчүндө калтырган. Муну менен Кыргызстанда биринчи жолу Украинадагы согушка аралашкан жаран жазага тартылды.

Өкүмдө Москвада жашап жүргөн Аскар Кубанычбек уулу 2022-жылдын июнь айында “материалдык пайда табуу үчүн” Орусиянын аскердик топторунун бирине кошулуп, Украинадагы согушка катышканы жазылган.

Жакында эле дагы бир кыргызстандык Бекназар Бөрүгул уулу Украинадагы согушка катышып келгени аныкталып, камакка алынды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Нарындын 27 жаштагы тургунун 1-августта күч органдары жалданмачылыкка шектүү катары кармашкан.

Ал Орусияда абакта отурган жеринен “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын катарында Украинадагы согушка катышып, кичи мекенине 8-июлда кайтып келгени аныкталган.

Кыргызстан эгер жарандары чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG