Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:15

Грекияда 18 адамдын күйүп кеткен сөөгү табылды


Грекиянын түндүгүндөгү Александруполис шаарынын жанындагы өрт. 21-август, 2023-жыл.
Грекиянын түндүгүндөгү Александруполис шаарынын жанындагы өрт. 21-август, 2023-жыл.

Грекиянын түндүгүндөгү Авантас айылынын жанында 18 адамдын күйүп кеткен сөөгү табылды. Бул тууралуу өрт өчүрүүчүлөр билдиришти. Бул аймакты төрт күндөн бери тилсиз жоо каптап жаткан.

Грекиялык маалымат каражаттары өз булактарына танып, бул сөөктөр болжол менен мигранттардыкы болушу мүмкүн экенин жазышты.

Өрт Түркия менен чек арага жакын жайгашкан Эврос аймагынын борбору Александруполиске жетип, ооруканадагы бейтаптар шашылыш түрдө коопсуз жакка чыгарылды. Алардын арасында жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана жандандыруу бөлүмүндө жаткандар да бар эле.

Андан тышкары аймактагы 13 айыл-кыштактын эли көчүрүлдү. Токойлорду каптап, кийин калктуу конуштарга да жайылып бараткан тилсиз жоо менен күрөшкө жүздөгөн өрт өчүрүүчүлөр, учак жана тик учактар тартылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG