Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Мектептерде китептин ижара акысы 25 сом бойдон калды


"Алиппе" окуу китеби. Иллюстрациялык сүрөт.
"Алиппе" окуу китеби. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мамлекеттик мектептерде бир нуска окуу китептин жылдык ижара акысы 25 сом деп бекитилди. Тиешелүү буйрукка билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев кол койгонун министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Китептердин ижарасы былтыр да ушундай эле суммада болчу. Каражат 31-декабрга чейин төлөнүшү керек.

Билим берүү жана илим министрлиги жаңы китептерди сатып алуу үчүн мектептерде окуу китептерге ижара акы киргизилгенин кошумчалады. Мекеме ижаранын баасы бир китептин орточо наркы 125 сом болуп турганда бекитилгенин, келечекте анын баасы жогорулашы мүмкүн экенин эскертти.

Быйыл кыргыз тилинде окуткан мектептердин башталгыч класстары үчүн “Мен жана дүйнө”, “Кыргыз тили”, “Адабий окуу”, 7-8-класстар үчүн “Адам жана коом” окуу китептерин басып чыгаруу пландалууда.

Окуу китептери басылып чыккандан кийин электрондук версиялары Билим берүү жана илим министрлигинин Электрондук китепканасына - kitep.edu.gov.kg сайтына чыгат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG