Бээжин менен Дүйшөмбүнүн ортосунда 400 миллион долларлык жаңы келишимдерге кол коюлганын Тажикстандын Улуттук Мажилиси билдирди. Анда курулуш, өндүрүш тармагындагы бир канча биргелешкен ишканаларды түзүү тууралуу макулдашуулар бар.
Тажик бийлиги электромобилдерди чыгаруучу ишкана түзүлөрүн да жарыялады. Дүйшөмбү мэриясы тажик-кытай биргелешкен ишканасы жылына 1500гө чейин электромобилдерди чыгарууну пландап жатканын билдирди.
"Авесто Групп" тажик компаниясы менен кытайлык "Цзиньчуан" ишканасынан ортосундагы келишимге Дүйшөмбү шаарынын мэри Рустам Эмомали Кытайга иш сапар менен барганда кол коюлду.
Бээжин бул келишимдер тууралуу азарынча маалымат тарата элек.
Президент Эмомали Рахмондун уулу, баш калаанын жетекчиси Рустам Эмомали Кытайга 22-августта барды.
2000-жылдан бери Кытай Тажикстан менен кызматташууну жандантып, ондогон компаниялар келген. Батыштык эксперттер муну Бээжиндин Дүйшөмбүгө таасир этүү аракети экенин эскертип, өзгөчө Кытайга болгон эбегейсиз тышкы карыз тууралуу ишарат кылышкан.
Тажик бийлиги “кооптонууга негиз жок” деп эсептейт.