Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Жапаров өкмөт Бишкек менен Ошко мектеп курбай турганын айтты


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бала бакчанын ачылышында.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бала бакчанын ачылышында.

Кыргызстанда өкмөт бала бакча жана мектеп куруу ишине демөөрчүлөрдү кеңири тартууга даяр экенин бүгүн 23-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылында жаңы бала бакчанын ачылышында сүйлөп жатып билдирди.

Өз сөзүндө ал быйылкы жылдан баштап өкмөт Бишкекте жана Ошто мектеп курбай турганын айтты:

“Быйылтан баштап Ош, Бишкек шаарларында өкмөт салбайт мектептерди. Колунда барларга, чоң-чоң компанияларга жерлердин баарын бекер берип жатабыз. Ошолор мектеп салып, өкмөткө да, элине да кызмат кылып... Анан бул пайда алып келе турган бир чоң тармак болуп келе жатат – ал жерден өзүнө киреше таап алсын деген ойду айткыбыз келет”.

Жапаров бул үчүн өкмөт жерди бекер берүүгө, “инфраструктурасын, жарыгын, суусун, канализациясын алып келип берүүгө даяр экенин” кошумчалады.

100 орундуу бала бакчаны Барскоон айылына “Тойбосс” ишканасы куруп берди. Ал жерде 19 жергиликтүү тургун иш менен камсыз болду.

10 миңге жакын калкы бар Барскоон айылында буга чейин 150 орундуу жалгыз бакча болгон, ал муктаждыктын 50% гана жаап келген.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунда 113 бала бакчада 17 миңден ашуун бөбөк тарбияланууда. Балдардын баарын мектепке чейинки тарбия менен камтуу үчүн дагы 55 бакча керек. 17 айылда бала бакча жок.

Кыргызстанда бала бакчанын жетишсиздиги курч социалдык маселелердин бири. Быйылтан тартып үй шартында бала бакча ачып иштетем дегендерге да шарт түзүлүп, талаптар жеңилдетилип жатат. (AsK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG