Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:59

Индиянын "Чандраян-3" космос аппараты Айдын түштүк уюлуна конду


Индиянын жараны өлкөнүн желегин көтөрүп "Чандраян-3" космос аппаратын даңазалоодо.
Индиянын жараны өлкөнүн желегин көтөрүп "Чандраян-3" космос аппаратын даңазалоодо.

Индиянын "Чандраян-3" деп аталган космостук аппараты 23-августта Айдын түштүк уюлуна конду. Муну менен Индия түштүк уюлга жеткен алгачкы мамлекет катары тарыхта калды. Буга чейин башка мамлекеттер учурган аппараттар Айдын экваторуна конуп келген.

Индиянын космостук агенттиги ракетаны 14-июлда өлкө түштүгүндөгү Андхра-Прадеш штатындагы башкы космодромдон учурган.

Дели бул жараянды Айды изилдөө жана Индиянын космостук держава катары орду үчүн маанилүү миссия деп атаган.

Ракетанын конушуна адистер жана өлкө жетекчилиги түз эфирде күбө болушту. Ошол маалда Түштүк Африкада өтүп жаткан БРИКС саммитине катышып отурган премьер-министр Нарендра Моди колуна өлкөсүнүн желегин кармап: "Бул - жаңы Индиянын жеңишинин үнү", - деди.

Үч күн мурда Орусиянын "Луна-25" космос кемеси Айдын бетине кулап түшкөн. Талдоочулардын эсебинде, бул миссиянын ишке ашпай калышы ансыз да обочодо калган Орусиянын эл аралык аброюна сокку урду.

Баары ойдогудай ишке ашса, "Луна-25" аппараты Айга 21-августта конмок жана Жердин жандоочусунун Түштүк уюлуна конгон биринчи космос кемеси болуп калмак.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG