Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:38

Жазуучу Олжобай Шакир УКМКда экени кабарланды


Оложобай Шакир.
Оложобай Шакир.

Жазуучу жана публицист Олжобай Шакир жети сааттан бери дайынсыз болуп жатканын жакындары айтып чыгышты.

Жубайы Назгүл Бодбаева Олжобай Шакир 23-августта түшкө маал үйүндө жалгыз болгонун, ошондон бери дайыны билинбей жатканын "Азаттыкка" билдирди.

“Үйгө келсем ачык калыптыр, Олжобай жок. Телефону өчүк болуп жатат. Тууган, жакындары менен байланышпаптыр. Дайынын билбей жатабыз. Үйгө мен келген учурда Бишкек шаардык милиция кызматкерлери да келишти. Алар Олжобай айткан 31-августтагы акция тууралуу сурайлы деп келгенин айтышты”- деп билдирди.

"Кылым шамы" уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова “Азаттыкка” Олжобай Шакир Улуттук коопсуздук комитетинде экенин жана жанында адвокаты бар экенин кабарлады.

Олжобай Шакирдин кармалганы тууралуу атайын кызмат комментарий бере элек.

52 жаштагы Олжобай Шакир бийликтин дарегине сын-пикирлерди айтып келген.

Ал бийликтин мыйзамсыз аракеттерине каршы 31-августта нааразылык акциясын өткөрүү демилгесин көтөрүп жаткан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG