Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Президент Жапаров казак акынына аргымак тартуулаганы боюнча түшүндүрмө берди


Биржан Калдыбаевге ат тапшырылып жатканы учур.
Биржан Калдыбаевге ат тапшырылып жатканы учур.

Президент Садыр Жапаров 13-августта Чолпон-Ата шаарындагы Көк бөрү боюнча дүйнө кубогунун ачылышында ырдаган казак акыны Биржан Калдыбаевге ат белек кылганы боюнча сындарга жооп берди. Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген комментарийинде:

“Эч кандай саясат жок. Болгону төкмө акын жээнимдин сөзүнө калбайын деп гана аргымак мингизе салдым. Ал эми Биржан Калдыбаев кандай акын экенин чынында мен деле билбейм. Мурда таанычу да эмесмин. Аны көчөдөгү акын дептир. Азыр көчөдөгү акын болсо балким бара-бара казак-кыргыз элине таанымал акын болуп чыгып калар? "Бешиктеги баланын бек болорун ким билет, карындагы баланын хан болорун ким билет" дейт”, - деди.

Жапаров кыргыз менен казактын ынтымагын бузууга кызыкдар күчтөр бар экенин кошумчалап, эки элди бири-бирин колдоого чакырды.

Буга чейин Фейсбукта өзүн Казакстандагы төкмө акындар бирикмесинин өкүлү катары тааныштырган Аманжол Алтаев Кыргызстанда Биржан Калдыбаев аргымак белекке алганын сындап жазып, ал казак элинин атынан барган акын эмес деп билдирген.

Көк бөрү боюнча клубдар арасындагы дүйнө кубогун быйыл алгачкы жолу Кыргызстан өткөрдү. Мелдешке Кыргызстандан тышкары АКШ, Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Ооганстан командалары катышты.

Анын ачылышын аземинде казак акыны катары Биржан Калдыбаев ырдап, президент Садыр Жапаровдон белекке аргымак сураган. Президенттик аппарат ага мамлекет башчынын атынан аргымак тартуулаганын жарыялаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG