Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:35

Жаңы конуштагы көп кабаттуу бир нече үйдүн маселеси талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын бирине көп кабаттуу үйлөр салынып жатканы боюнча маселе мэрияда талкууланганын мекеменин басма сөз кызматы бүгүн 24-августта билдирди. Шаар башкармалыгынын маалыматына караганда, Ынтымак конушундагы жана башка бир нече тилкедеги курулушка каршылыгын билдирип, видео кайрылуу жасаган тургундардын арызынан кийин өткөрүлгөн жыйынга мэр Эмилбек Абдыкадыров жана тийиштүү кызматтардын жетекчилери катышты.

Беш, алты, жети жана сегиз кабат үйлөргө уруксат кагаздары 2018 жана 2023-жылдары берилгени, алардын баары убагында шаардык архитектура мекемеси менен макулдашылганы, мамлекеттик экспертизанын оң корутундусун алганы маалым болду.

Мэр Абдыкадыров нааразылыгын билдирип жаткан тургундар айткан жагдайды дыкат териштирип чыгууну талап кылганы, аталган конуштагы көп кабаттуу үйлөргө берилген уруксат документтерин чакыртып алуу боюнча чара көрүүнү тапшырганы белгиленди.

Шаар башкармалыгы Бишкекте конуштарга көп кабаттуу там курууга тыюу салынганын эскертти.

Бишкекте соңку жылдары жеке курулуш компаниялары салган көп кабаттуу үйлөрдүн саны өсүүдө. Адатта компаниялар курулуш иштерин кардарлар менен үлүштүк негизде жүргүзөт. Арасында уруксаты жок салынып жаткан үйлөр да бар экени быйыл жазында парламентте айтылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG