Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Макаллистер: ЕБ Кыргызстан адам укуктарын, сөз эркиндигин сактарына үмүттөнөт


Садыр Жапаров жана Дэвид Макаллистер.
Садыр Жапаров жана Дэвид Макаллистер.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Европарламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Дэвид Макаллистер баштаган делегация менен 24-августта Бишкекте өткөн жолугушуусунда өлкөдөгү адам укугу, сөз эркиндиги жөнүндө пикирин билдирди.

Президенттин аппараты жарыялаган жолугушуунун видеосунда Жапаров Европарламенттин жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басым тууралуу резолюциясына жооп берди.

“Сөз эркиндиги жана адам укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Эл аралык коомчулуктун жигердүү катышуусу жана Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү катары Кыргызстан демократияны, адам укуктарын, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө боюнча ырааттуу иш жүргүзүп, өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарууну улантууда. Ошондуктан бул резолюцияны даярдоодо Кыргызстан тараптан тактоочу же кошумча маалымат суралбаганы өкүндүрөт”, - деди Жапаров.

Президент жолугушууга тийиштүү органдардын өкүлдөрүн чакырганын жана алар маалымат берүүгө даяр экенин кошумчалады.

Европа парламентинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Дэвид Макаллистер Бишкекте өткөн брифингде Европа Биримдиги Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар жана ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорлоруна тыкыр көз саларын билдирди.

“Биз бул боюнча Кыргызстандын бийлиги менен Европарламентте кабыл алынган резолюциянын алкагында сүйлөштүк. Жарандык коом менен дагы пикир алмашуу болду. Өлкөнүн президенти жана парламенттин өкүлдөрү менен дагы сүйлөшүү болду”, - деди ал.

Ал Европа Биримдиги өнөктөш катары Кыргызстан адам укуктарын жана сөз эркиндигин сактай турганына үмүт кыларын айткан.

Брифингде Дэвид Макаллистер Кыргызстан менен Европа Биримдигинин өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюу үчүн өлкө президенти Садыр Жапаров Брюсселге чакырылганын да билдирди. Макаллистер Кыргызстан Евробиримдикти Борбор Азиядагы маанилүү өнөктөшү экенин белгиледи.

13-июлда Страсбургда жайгашкан Европарламенттин жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басым тууралуу резолюция кабыл алган.

Документте “2022-жылдын январынан тарта Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени” белгиленген.

Европарламент резолюцияда кыргыз бийлигин учурда талкууланып жаткан төрт мыйзам долбоорун - “Жалпыга маалымдоо каражаттары”, “Бейөкмөт уюмдар”, “Чет өлкөлүк өкүл” жана “Балдарды зыяндуу маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорлорун артка кайтарууга үндөп, эгер алар кабыл алынса, өлкөдөгү адам укуктарынын абалына олуттуу кесепетин тийгизерин эскерткен эле.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Европа парламентинин күтүүсүз жана шашылыш түрдө кабыл алынган жана өлкөдөгү абалды чындыкка жатпаган нукта чагылдырган резолюциясына карата өкүнүчүн" билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG