Испан футбол федерациясынын президенти курама команданын чабуулчусу Женнифер Эрмосону дүйнөлүк чемпионаттагы жеңишинен кийин кучактап жаткан учур. 20-август, 2023-жыл. Австралия, Сидней.
Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Испан футбол федерациясынын президенти Луис Рубиалеске каршы 24-августта дисциплинардык иш козгоду. Ал Аялдар арасындагы дүйнө чемпиондугундагы испандардын жеңишинен кийин курама команданын чабуулчусу Женнифер Эрмосону оозунан өөп алган. Футбол федерациясынын башчысы видеокайрылуу аркылуу кечирим сурап, ал "туура эмес кылганын" мойнуна алды.
33 жаштагы футболчу айым Инстаграмга ага Рубиалестин аракети "жакпаганын" жазган.
Луис Рубиалестин бул кылыгын Испаниянын премьер-министри Педро Санчес дагы айыптап, аны "жол берилгис ишарат" деп атады. Ал эми өкмөттүн айрым мүчөлөрү Рубиалести кызматтан кетүүгө чакырышты.
20-августта өткөн аялдар арасында футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун финалында Испаниянын футболчулары Англияны 1:0 эсебинде жеңди. Муну менен Испаниянын аялдар курама командасы биринчи жолу дүйнө чемпиону болду.
Эл аралык футбол федерациясынын аялдар арасындагы дүйнөлүк чемпионаты катары менен тогузунчу ирет өттү. Быйыл ал Австралия менен Жаңы Зеландияда уюштурулду.
Кыз-келиндер футболу: Испания дүйнө чемпиону
1/14Испаниянын кыз-келиндер курамасы өз тарыхында биринчи жолу дүйнө чемпиону болду.
6/1418-августа ФИФА президенти Жанни Инфантино бул чемпионат ал күткөндөн да мыкты болгонун белгилеген. Буга чейин чемпионатка катышуучу командалардын санын 24төн 32ге көтөрүү теңсиздикти алып келип, айрым командалар атаандаштарын 15:0 эсеби менен утушу мүмкүн деп да айтылган. Бирок бул чемпионатта командалардын күчтөрү дээрлик тең болду.
7/14Бул чемпионатта Испаниянын жеңүүчү болорун эч ким күткөн эмес. Анткени команда тайпалык оюндарда Жапоня курамасына 4:0 эсебинде утулуп калган эле. Айрым спорт журналисттери Жапониянын чемпион болуу мүмкүнчүлүгү жогору экенин айтышкан.
8/14Мелдеште фаворит саналган командалар Германия менен Бразилия тайпадан чыга алган жок. Ал эми дүйнө чемпиондору АКШ 1/8 финалда Щвецияга жеңилип калды.
9/14ФИФА президенти Жанни Инфантинонун айтымында, бул чемпионат 570 миллион доллар киреше алып келген. (Катарда өткөн эркектер арасындагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын кирешеси 10,5 миллиард долларды түзөт.)
10/14ФИФА бул чемпионаттын байге фондун да эки эсеге көтөргөн. Анын жалпы суммасы 110 миллион долларды (ал эми эркектердин чемпионатында байге фонду 440 миллион долларды) түзгөн.
11/14Бул чемпионатта финалга чыкканы үчүн Англиянын жана Испаниянын курама командалары 4 миллион доллар алышат. Тандоо мелдештерине чыккан командаларга 2,6 миллион доллар берилет. Ал эми тайпадан чыга албай калган командалар да 750 миң доллардан алышат.
14/14Футбол боюнча кыз-келиндердин дүйнө чемпионаты 1991-жылдан бери өткөрүлөт. Буга чейин мелдешке 2015-жылдан баштап 24 команда катышса, ага чейин 16 команда катышып келген эле.