Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:52

"Азаттык" көрсөткөн Кырчын айылы интернет менен камсыз болду


Кырчын айылы.
Кырчын айылы.

Жумгалдын Чаек айыл аймагына караштуу Кырчын айылы интернет менен камсыз болду. Бул тууралуу айылга интернет жеткизген “Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” уюму кабарлады.

Уюм учурда интернетти пайдалуу колдонушу үчүн тургундардын сабаттуулугун жогорулатууну пландап жатышканын билдирди.

“2023-жылдын апрель айында Azattyk Media’сынын YouTube баракчасында Кырчын кыштагы тууралуу видеорепортаж чыккан. Анда айылдын жашоосу кенен чагылдырылган. Пандемия учурундагы карантинде мектеп окуучулары тапшырмаларды көчүрүп алуу үчүн жакынкы тоого чыгууга мажбур болушкан”, - деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

“Азаттык” апрель айында "Мектепке карышкырдан коркуп барабыз" деген аталышта айыл жөнүндө видео чыгарган. Жумгал районунун Кырчын айылында 100дөн ашык киши жашайт. Айылда мектеп жоктугунан 30дай бала төрт чакырым жер басып, коңшу айылга жөө-жалаңдап барып-келип окушат. Кырчында оорукана, бала бакча да жок. Бул кыштак деңиз деңгээлинен бир жарым миң метр бийиктикте турат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG