Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тун кызы, 38 жаштагы Саиданы өзүнүн жардамчысы кылып дайындады. Бул тууралуу өзбек президентинин маалымат катчысы Шерзод Асанов Телеграмдагы расмий баракчасы аркылуу билдирди.
Буга чейин "Озодлик" радиосу өз булактарына таянып, бул президенттик аппараттын өзгөргөн, жаңыртылган түзүмүндөгү эң жогорку кызмат болорун билдирген. Мындан улам Саида Мирзиёева атасынын администрациясын жетектейт.
Мирзиёев кызы Саиданы былтыр ноябрда президенттик администрациянын Коммуникация жана маалымат саясатынын бөлүм башчысы кылып дайындаган. Соңку маалымат өзбек президентинин тун кызы анын мураскери болот деген сөздөрдү жандантты.
Президенттердин жакындарын жооптуу кызматтарга дайындоо Борбор Азияда сейрек көрүнүш эмес. 2021-жылдын аягында Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон үчүнчү кызы Рухшонаны Британияга элчи кылып дайындаган. Уулу Рустам өлкөдөгү экинчи чоң кызматты ээлейт. Түркмөнстанда 41 жаштагы Сердар Бердымухамедов былтыр март айында өлкөнү 16 жыл башкарган атасынан бийликти өткөрүп алган.