Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Нигерде хунта француз элчисин өлкөдөн чыгарууну талап кылды


Нигерде июлда аскердик төңкөрүш болуп, анын башында турган генерал Тчиани өзүн өткөөл мезгилдин президенти деп жарыялаган.
Нигерде июлда аскердик төңкөрүш болуп, анын башында турган генерал Тчиани өзүн өткөөл мезгилдин президенти деп жарыялаган.

Нигерде бийликти басып алган козголоңчулар жума күнү, 25-августта Франциянын элчисин 48 сааттын ичинде өлкөдөн чыгарууну талап кылды.

Франциянын Тышкы иштер министрлиги хунтанын эскертүүсүнө Париж көңүл бурганын, бирок алардын дипломатка андай талап кылуу укугу жоктугун, мыйзамдуу шайланган бийликте гана андай укук бардыгын билдирди.

Айрым маалыматтарга караганда, козголоңчулар дагы бир канча өлкөнүн элчилеринен чукул арада чыгып кетүүнү талап кылган.

Хунтанын башчысы Абдурахман (Омар) Тчиани өткөн аптада телекайрылуу жасап, аскерлер өлкөнү жарандык башкарууга үч жылда кайтарарын айткан. Генерал планын жарыялаган эмес, бирок өткөрүү жобосу бир ай ичинде хунта уюштура турган диалогдун жыйынтыгы менен аныкталарын белгилеген.

Нигерде июль айынын соңунда аскердик төңкөрүш болуп, анын башында турган генерал Тчиани 28-июлда өзүн өткөөл мезгилдин президенти деп жарыялаган.

Маалымат каражаттары жазгандай, бийликке эки жыл мурда, өлкөдөгү алгачкы демократиялык шайлоонун жыйынтыгы менен келген президент Мохамед Базум президенттик сарайдын жер төлөсүндө камалып турат.

Куралдуу козголоңчулар Базумду "мамлекетке чыккынчылык кылган" жана "улуттук коопсуздукка доо кетирген" деген айыптар менен соттоону көздөп жатканын билдирген. АКШ, БУУ жана Батыш Африка мамлекеттеринин лидерлери бул кадамды айыптаган.

23 миллион калкы бар Нигер - дүйнөдөгү эң жакыр мамлекеттердин бири. Өлкө аймагынын 80% Сахара чөлүндө жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG