Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:47

УКМК жарандарды радикал диний агымдардан оолак болууга чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) өлкө жарандарына кайрылып, салттуу эмес, радикал диний агымдардан оолак болууга чакырды. Атайын кызмат коомдун радикалдашуусунун алдын алууга багытталган иш-чараларды жүргүзүп жатканын эскертти. Билдирүүдө сөз негизинен исламдагы "Салафия" агымы тууралуу сөз кылган.

"Кыргызстандын айрым жарандары башка мамлекеттерден өлкө үчүн салттуу эмес диний агымдар тууралуу билим алып, мекенине келгенден кийин анын идеологиясын жайылта баштайт. Жыйынтыгында белгилүү ислам аалымдарынын окууларын тааныбаган айрым диний топтор, башка динге ишенгендер пайда болууда. Салттуу эмес "Салафия" диний агымынын үгүтчүлөрү намаз окуп жатканда катуу үн менен "аминь" деп кыйкырып, буттарын өтө кең жайышат, "такбирде" колдорун көкүрөк деңгээлинде гана көтөрүшөт, ошондой эле намаз учурунда алар салттуу "ханафий" масхабынын нормаларына туура келбеген кыймылдарга жол беришет. УКМК жана муфтият мындай адаттан тыш агымдардын алдын алуу үчүн элибизди сак болууга, диний билимди ишенимдүү булактардан, белгилүү диний ишмерлерден алып, диний сабаттуулукту өнүктүрүүгө чакырат",-деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле УКМК Кыргызстанга салттуу болгон исламга ылайык намаз кандай окулушу керектиги тууралуу үлгүлөрдү көрсөткөн.

Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны 399, калгандары башка диндерге тиешелүү.

Сот 2003-жылдан бери террорчу жана экстремисттик уюм катары 21 диний бирикменин Кыргызстандын аймагында иштөөсүнө тыюу салган.

Ушул жылдын май айында АКШнын Мамлекеттик департаменти өлкөдөгү дин эркиндигинин абалы тууралуу жылдык баяндамасын жарыялаган жана Кыргызстанда кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу дин тутуу эркиндиги бар, бирок диний азчылыктардын укугу чектелген жагдайлар кездешкени жазылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG