Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

1-сентябрдан тартып кыргыз-өзбек чек арасынан ID менен өтүүгө уруксат берилет


1-сентябрдан тартып Кыргызстандын жарандары Өзбекстандын чек арасынан ID карта менен да өтө алышат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдындагы Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жарандардын өз ара каттамы жөнүндөгү 2006-жылдын октябрында кол коюлган өкмөт аралык макулдашууга тиешелүү өзгөрүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Жарандар чек арадан өткөндө жалпы жарандык паспортту деле колдонсо болот.

Ушундай эле эреже Өзбекстандын жарандарына дагы иштейт. Алар Кыргызстандын аймагына кирүү үчүн өзбек-кыргыз чек арасынан ID картты колдоно алат.

"Үчүнчү өлкөлөргө чыгуу үчүн эки өлкөнүн жарандарында тең жанында жалпы жарандык (чет элдик) паспорттору же мамлекеттер аралык макулдашууларда аныкталган башка каттам документтери болушу керек", - деп белгилеген Чек ара кызматы.

Буга чейин кыргызстандыктар чек арадан жалпы жарандык (чет элдик) паспорт менен гана өткөрүлүп келген. 2017-жылга чейин кыргызстандыктар Өзбекстанга туугандарынан расмий чакыруусу менен гана киргизилген.

Кыргызстандыктар коңшу өлкөгө 30 күнгө чейин визасыз саякаттай алат. Өзбекстандын өкмөтү өлкөгө кирүүгө уруксат берген 2017-жылдан тарта Кыргызстандын туристтик фирмалары жигердүү иштей баштаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG