Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:35

Президент Жапаров Эгемендик күнү менен куттуктады


Кыргызстандын эгемендигинин 32 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Өлкө президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды эгемендик майрамы менен Ош шаарында өтүп жаткан негизги салтанат учурунда куттуктады.

Президент "эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар дубанда өткөрүүнү ниети" болгонун, быйыл "3000 жылдан ашуун тарыхы бар, Фергана өрөөнү жана жалпы эле Борбор Азиядагы байыркы шаарлардын катарында турган ордолуу Ош шаарында, касиеттүү Сулайман тоонун астанасында" өтүп жатканын белгиледи.

"Эркиндиктин, азаттыктын добушун жаңырткан Эгемендик менен кызыл байрагыбыз бири-биринен ажырагыс бир бүтүндүктү туюндурат. 30 кылымдан ашуун тарыхында ата-бабаларыбыз дал ушул эркиндиги, эгемендиги үчүн канын төгүп, жанын берип күрөшүп, улуу дөөлөттөрдү куруп, туусун бийик желбиретип, тарых барактарына “кыргыз” деген атты ташка тамга баскандай кылып калтырып кетишкен. Кылкылдаган кызыл туусу менен куп жарашкан Эгемендик бизге ыйык сезим болуп калыптанып, бул ыйыктык муундан муунга кан аркылуу өтүп, бүгүнкү күндө элибиз эркиндикти сүйгөн, калыстыкты туу туткан эл экенин эчен ирет далилдеди. Мына ошол эгемендигибиздин эн белгиси болгон кызыл байрагыбыз ата-бабаларыбыздын аманатын, келечек муун алдындагы милдеттерибизди ар дайым эскертип, каныбызды дүргүтүп, көөдөнүбүзгө дем-күч берип келет. Ошондуктан бүгүнкү күндө мекенчилмин деген ар бир кыргызстандык атуул өлкөбүздүн көз карандысыздыгын, мамлекетибиздин бүтүндүгүн, эли-журтубуздун ынтымагын коргоону ыйык милдет деп санайт".

Президент Жапаров куттуктоосунда акыркы жылдары өлкөдөгү жетишилген негизги ийгиликтерди санап, алардын катарында быйыл кабыл алынган Аскердик доктринаны, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун, жол куруудагы жетишкендиктерди белгиледи.

Ош шаарында өтүп жаткан салтанатка президент Садыр Жапаров, өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков жана башка бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик, коомдук, саясий, жана маданий ишмерлер катышууда. Ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилери да майрамдык мааракеге чакырылган.

Былтыр эгемендик күнүндөгү негизги салтанант Чүй облусунда Аламүдүн районуна караштуу Чуңкурчак жайлоосунда өткөн жана анда Байтик баатырдын 200 жылдыгы кошо белгиленген.

Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыялаган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG