Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

Бишкекте жана Чүйдө электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде 1-сентябрда электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармагы” ишканасынын маалыматына караганда, Чүйдүн бардык райондорундагы отуздай айылда жана Токмок, Кара-Балта шаарларында саат 9дан 17ге чейин оңдоо, техникалык тейлөө, бактарды бутоо иштери жүргүзүлөт.

Ушундай эле себепке байланыштуу Бишкектин бир нече көчөсүндө, “Ак-Өргө”, “Алтын-Казык”, “Ак-Чий” “Кайыңды”, “Чалбай” конуштарында, Пригородное айылында да жарык болжол менен саат 9дан 17:00гө же 18:00гө чейин убактылуу өчүрүлөт.

Президент Садыр Жапаров быйыл 24-июлда энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жарлыгына кол койгон.

Кыргызстанда 2022-жылы 13,85 млрд кВт/саат электр кубаты өндүрүлүп, 15,9 млрд кВт/саат керектелген. Жетишпеген бөлүгү импорт аркылуу жабылган. 2023-жылы керектөө 17 млрд кВт/саат болот деп эсептелип жатат.

Эң ири Токтогул суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан электр кубатын өндүрүү быйыл 15 млрд кВт/саатка жетпей калышы мүмкүн деп болжолдонууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG