Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Рим Папасы Франциск алгачкы ирет Монголияга барды


MONGOLIA-VATICAN-DIPLOMACY-RELIGION-POPE
MONGOLIA-VATICAN-DIPLOMACY-RELIGION-POPE

Рим Папасы Франциск 1-сентябрда Монголияга барды. Буга чейин бир да Рим Папасы Кытай менен Орусиянын ортосундагы бул мамлекетке бара элек болчу.

Монголияда католиктердин саны 1500ден ашпаса да, Ватикан бул өлкө Кытай менен чыңалган алакаларды жөндөөдө стратегиялык роль ойнооруна үмүттөнүп келет.

«Монголияга баруу чоң өлкөнүн чакан калкына баруу дегенди билдирет. Монголия чексиздей сезилет, калкы аз, бирок улуу маданияты бар», - деди Рим Папасы Франциск баш калаа Улан-Баторго конор алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Франциск салт катары өзү аба майданы аркылуу өткөн өлкөлөрдүн башчыларына, анын ичинде Кытайдын лидери Си Цзинпинге да салам катын жолду.

Рим Папасынын Монголиядагы сапары 4-сентябрга чейин уланат. Бул убакыт ичинде ал таат окуп, өкмөт өкүлдөрү жана дипломаттар менен жолугат.

XS
SM
MD
LG