Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:21

Кыргызстан ЖККУнун Беларуста өтүп жаткан аскердик машыгуусуна катышууда


In Belarus, the CSTO exercises "Combat Brotherhood-2023". Kyrgyzstan. Soldiers. Soldier. Military.
In Belarus, the CSTO exercises "Combat Brotherhood-2023". Kyrgyzstan. Soldiers. Soldier. Military.

Кыргызстандык аскер кызматкерлери бүгүн 1-сентябрда Беларуста башталган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезектеги аскердик машыгуусуна катышып жатышат. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик контингенти биргелешкен «Күжүрмөн боордоштук-2023» стратегиялык-оперативдик машыгуусуна катышуу үчүн Беларуска 27-августта барган.

Машыгууга Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстан катышууда. 6-сентябрга чейин Беларустагы полигондордун биринде өтө турган машыгууга жалпысынан 2,5 миң аскер кызматкери, 500дөн ашуун курал-жарак жана аскердик атайын техника тартылды.

ЖККУ 1992-жылы негизделген уюм. Бир жыл мурда Кыргызстан уюмдун Балыкчыдагы полигонунда пландалган кезектеги “Бузулбас боордоштук” аскердик машыгуусун өткөрүүдөн баш тарткан. 10-21-октябрь күндөрү Тажикстанда, Харбмайдон полигонунда өткөн аскердик машыгууга катышкан эмес.

Быйыл 25-январда Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешевдин Кыргызстандын Тажикстан менен чечиле элек чек ара маселеси бар экенин, бул уюмдун машыгуусун өткөрүүдөн кыргыз тарап былтыр баш тартып койгонун белгилеп, «Бул уюм бизге керекпи?» деген суроосуна коргоо министринин биринчи орун басары Алмазбек Карасартов «Менин жеке оюмча, бул уюм керек. Азыр, өзүңөр билесиздер, дүйнөдө жана жакынкы региондо эмне болуп жатат. Ошол бардык чакырыктарга, коркунучтарга ушул уюм гана туруштук берет деп ойлойм» деп жооп берген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG