Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Орусия Херсондон алып кеткен 11 бала Украинага кайтарылды


Орус бийлиги чыгарып кеткен 11 бала Украинага кайтарылды.
Орус бийлиги чыгарып кеткен 11 бала Украинага кайтарылды.

Херсон облусунун оккупацияланган бөлүгүнөн орус бийлиги чыгарып кеткен 11 бала Украинага кайтарылды. Бул тууралуу Херсон облустук аскердик администрациясы кабарлады.

Кайтарылган балдардын арасында ата-энесинин камкордугунан ажыраган алты бала бар. Балдардын эң кичүүсү эки жашта, улуусу 16 жашта.

Балдарды кайтаруу иштерине катышкан "Украинаны сактап калуу" (Save Ukraine) фонду согуш башталган 1,5 жылдан бери 161 бала кайтарылганын билдирди.

Украинанын акыйкатчысы Дмитрий Любинецтин айтымында, согуш башталгандан бери Украинадан Орусияга 16 миңден ашуун бала депортацияланган.

Ушул жылдын март айында Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путин менен Львова-Белованы камоо жөнүндө ордер чыгарган. Аларга негизинен украиналык балдарды Орусиянын аймагына мажбурлап алып кеткенине байланыштуу айып коюлган.

Буга чейин Украинадагы согуш маалында Орусия 20 миңдей жашы жете элек баланы чыгарып кеткен болушу ыктымал экенин айткан.

Украинанын Орусия оккупациялап алган аймактарынан балдардын сыртка алып кетилгени эл аралык укук боюнча геноцидге тете кылмыш болуп эсептелет. Орус бийлиги балдарды чыгарып кетүү менен аларды чабуулдардан сактап калышканын билдирип келишет. Ошону менен катар аларды асырап алган учурлар болгону дагы кабарланган. Бул эл аралык конвенцияларга каршы келет.

Орусия 2016-жылдан бери Рим статутуна кошулбагандыктан, Гаага сотунун юрисдикциясын тааныбайт.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова соттун чечимин Москва тааныбай турганын билдирген. АКШ, Европа өлкөлөрү Гаага сотунун чечимин кубаттаган.

Украиналык балдарды депортациялоодо Орусияга Беларус жардам берет.

Украинанын оккупацияланган аймактарынан убактылуу келген балдардын көбү 6-15 жаштагы өспүрүмдөр экенин, көбү жакындарын жоготкон же жетимдер экенин беларус дипломаты, антикризистик башкармалыктын башчысы Павел Латушка билдирген.

XS
SM
MD
LG