Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:07

Адвокат: Мадумаров мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип жатат


Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасы каралып жаткан учур. 2-сентябрь, 2023-жыл. Бишкектин Биринчи Май райондук соту.
Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасы каралып жаткан учур. 2-сентябрь, 2023-жыл. Бишкектин Биринчи Май райондук соту.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип жатканын адвокат Гуляна Убалиева журналисттерге билдирди. Анын айтымында, бул иш 2009-жылы Мадумаров кол койгон кыргыз-тажик чек арасын боюнча протоколго байланыштуу. Ушул тапта Биринчи Май райондук сотунда Мадумаровдун бөгөт чарасы каралып жатат. Соттун имаратын милиция кызматкерлери катуу кайтарууга алып, тарапташтарын жана журналисттерди сырткы тосмосуна жакындаткан жок.

Мадумаровду Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткени ишембиде белгилүү болгон.
Ички иштер министрлиги маалымат бере элек. Мекеменин басма сөз кызматы маалымат такталып жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Мадумаров кармалгандан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев "мамлекетке чыккынчылык кылгандарга аёо жок" деп Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Кимде ким мамлекетке чыккынчылык кылса, кимде ким мамлекеттин ичине бүлүк салуу аракеттерди жасаса, аларга аёо болбойт. Күч органдарынын жообу андай жарандарга катуу болот!", - деп жазган Ташиев.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаров боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергеп жатканын билдирген.

Ал эми саясатчыны Кемпир-Абад иши боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Мадумаров башкы прокурордун сунуштамасын карап чыгуу үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөлөрүн “жогору жактан катуу буйрук алган” деп айткан. (КЕ/AiB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG