Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:51

Москвада ондогон авиакаттам убактылуу токтотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада 3-сентябрга караган түнү ондогон авиакаттам убактылуу токтотулду. ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, 23 каттам боюнча учуу болгон жок, 19унун убактысы өзгөртүлдү.

Саат 0:26га карата «Внуково» аэропортунда алты рейс токтотулуп, бешөө башка убакытка калганы, «Шереметьеводо» алты каттам кармалып жатканы, ал эми «Домодедоводо» 17 каттам боюнча учуу болбогону, дагы сегизинин убактысы белгисиз болуп турганы кабарланды.

Мунун себеби эмнеде экени расмий айтыла элек. Өткөн айда да Орусиянын борборунда бир нече жолу учак каттамдары токтотулганда буга Москвага жасалган дрондор чабуулу себеп экени айтылган. Анда каттамдар токтоп, учактарды убактылуу башка аэродромдорго жайгаштырышкан.

2022-жылдын февралында Украинага кол салган Орусия азыркыга чейин бул өлкөгө чабуулдарын токтото элек. Миңдеген украин жараны жана аскери каза болуп, миллиондогон адам үй-жайынан айрылып, өлкө ичинде жана чет жактарда качкын болуп жүрөт. Орус бийлиги Украинанын аскердик гана объектилерин бутага алып жатканын айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG