Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

УКМК "мамлекетке чыккынчылык” беренеси менен мурдагы аскер адамы соттолгонун билдирди


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) запастагы аскер кызматчысы (С.Ф.К) Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен сегиз жылга соттолгонун билдирди. Атайын кызмат 4-сентябрда тараткан маалыматка ылайык, ал күнөөлүү деп табылып Жогорку Соттун өкүмү менен абакка кесилген.

УКМК кылмыш иши качан козголгону, соттун өкүмү качан чыкканы жана соттолгон адамдын аты-жөнүн ачык жарыялаган жок.

Кыргызстанда мамлекеттик чыккынчылыкка шек саналып абакка кесилген окуялар буга чейин да болгон. Мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу Алтынбек Муралиев 2014-жылы Кыргызстанга чыккынчылык кылган деген айып менен кармалган. 2016-жылы Биринчи май райондук соту аны 12 жылга эркинен ажыраткан. Кийин Бишкек шаардык соту анын жазасын күчөтүп, 22 жылга кескен. Алтынбек Муралиев 2019-жылы түрмөдөн жатак абакка которулган.

2021-жылы саясат талдоочу Марат Казакпаев менен Кыргызстандагы казак диаспорасынын мурдагы башчысы Марат Токтоучиков да ушундай эле айып менен кармалган. Марат Казакпаев 2022-жылы УКМКнын тергөө абагында эс-учун жоготуп ооруканага жеткирилип көз жумган. Бишкектин Биринчи май райондук соту Марат Токтоучиковду болсо былтыр 2,5 жылга эркинен ажыраткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG