Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Орусиянын армиясы Одесса облусун аткылоону улантты


Одесса облусуна урулган орус армиясынын соккусунан жабыркаган имарат. 4-сентябрь, 2023-жыл. Украина.
Одесса облусуна урулган орус армиясынын соккусунан жабыркаган имарат. 4-сентябрь, 2023-жыл. Украина.

Орусиянын армиясы 4-сентябрга караган түнү Украинанын Одесса облусуна учкучсуз аппараттар жана «Калибр» ракеталары менен чабуул койду. Аткылоого жарандык инфратүзүмдөр кабылып, эки киши жаракат алганы кабарланды. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, 17 «Шахед» дрону атып түшүрүлдү.

Одесса облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер ушуну менен орус армиясы соңку бир апта ичинде төртүнчү жолу чабуул коюп жатканын билдирди.

«Тилекке каршы Одесса облусундагы агроишканалардын бириндеги дан терминалдарына сокку урулду. 100 тонна буурчак жана 20 миң тонна арпа жок кылынды», -деп жазды Кипер Телеграмга.

Жардыруулардын үнү Измаил портунда да угулду. Жергиликтүү бийлик тургундарды жер төлөлөрдө калууга чакырды.

Ал эми 4-сентябрдын таңында дрондордун чабуулуна Днепропетров облусу кабылды. Аймак башчысы Сергей Лысак билдиргендей, алты учкучсуз аппарат абадан кулатылды.

Орусия украин данын Кара деңиз аркылуу экспорттоого жол берген келишимден июль айында чыккандан бери күн алыс Одесса облусун аткылап, дан кампаларын бутага алып келет.

XS
SM
MD
LG