Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:05

Акыйкатчы институту сот жараяндарын видео, аудиого жаздыруу боюнча маалымат таратты


Биринчи май райондук соту.
Биринчи май райондук соту.

Акыйкатчы институту сот органдарын соттук жараяндарды видеого тартып жана аудиого жаздырууну үзгүлтүккө учуратпоого жана техника бузулганда аны тезирээк оңдоого көңүл бурууга чакырды.

Мекеме институттун кызматкерлери сот жараяндарына туруктуу мониторинг жүргүзүп келатканын, соттук отурумдарды аудио же видеого жаздырууда маселелер аныкталганын билдирди.

Акыйкатчы институтунун сот органдары менен иштөө жана жараяндарга мониторинг жүргүзүү иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Самат Калчабаев техника бузулуп калгандыктан, отурумдар башка күнгө жылдырылган фактылар бар экенин айтты.

“Мындай жагдай процесстин катышуучуларын нааразы кылат. Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинин 283-бөлүмүнө ылайык, анча оор эмес кылмыш, азыраак оор, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөттөрү так көрсөтүлгөн”, - деди ал.

Кыргызстанда соттук жараяндар аудио жана видеого жаздырылат. Бирок аймактарда техника жетишсиз экени айтылып келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG