Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Жозеп Боррел Грузияга иш сапар менен барат


Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел 7-8-сентябрда Грузияга барат.

Альянстын расмий маалыматында айтылгандай, бул Боррелдин азыркы кызматындагы Грузияга алгачкы сапары. Анда Тбилисинин евроинтеграция жолундагы жараян, тышкы саясаттагы жана аймактык маселелер талкууланат.

Боррел Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили, премьер-министр Иракли Гарибашвили, тышкы иштер министри Илья Дарчиашвили, депутаттар жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушат.

Боррелдин бул сапары Зурабишвилинин Европа турнесине байланыштуу президент менен башкаруучу партиянын ортосунда талаш күчөп турган маалга туш келди.

Өкмөт президентке сапарга чыгууга уруксат берген эмес, бирок ага карабай ал Германиянын президенти жана Еврокеңештин башчысы менен жолугушкан.

“Грузин кыялы” партиясы президентти "Конституцияны бузду" деп айыптап, импичмент жараяны башталганын жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG