Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:13

УКМК фитосанитардык документтерди жасаган кызматкерлер кармалганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызмат адамдарынын мыйзамсыз иштери аныкталганын билдирди. Маалыматка караганда, департаменттин Чүй-Бишкек башкармалыгынын кызматкерлери карантинге алынган продукцияны экспорттоо үчүн фитосанитардык сертификаттарды берип турган. Бул үчүн алар миң сомдон 3 миң сомго чейин акча алып турушкан.

"Жогорку кызмат адамдары купуялуулукту сактоо максатында кызмат адамы менен жүктүн ээсинин ортосунда ортомчу болгон айрым жеке фирмалар менен сүйлөшүүгө барышкан", - деп жазылган анда.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, топтолгон далилдердин негизинде аталган мекеменин Чүй-Бишкек башкармалыгынын үч кызматкери кармалып, УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилди.

"Кармалгандардын аракеттеринин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо бул ишке катышкан башка адамдардын бетин ачуу жана жоопко тартуу иштери жүрүп жатат".

Буга чейин Орусия жана Казакстан Кыргызстандан барган жашылча менен мөмө-жемишти артка кайтарган учурлар катталган. Буга товарлардын фитосанитардык сертификаттары жараксыз жана талапка жооп бербегени себеп деген жүйө келтирилген.

Шек саналган кызматкерлер, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти комментарий бере элек. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG