Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Кемпир-Абад иши: укук коргоочулар абактагылардын шарты менен таанышты


Кемпир-Абад иши боюнча камалган саясатчылар отурган камера. 6-сентябрь, 2023-жыл. Бишкектеги №1 тергөө абагы
Кемпир-Абад иши боюнча камалган саясатчылар отурган камера. 6-сентябрь, 2023-жыл. Бишкектеги №1 тергөө абагы

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардан кабар алды. Алар башка камерага которулуп, моралдык кыйноого жана басымга кабылганын айткан саясатчылар отурган жердин шартын көрүштү.

Аталган борбордун басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов жана Кубанычбек Кадыров тергөө абагынын жер төлөсүнө которулганы белгиленген.

Абакка кирип чыккандан кийин жер төлөдөгү камералар тазалык жана санитардык талаптарга жооп бербегени, кармоо шартынын эрежелери бузулганы боюнча акт түзүлдү.

Камераларда жогорку нымдуулук байкалып, анын кесепетинен дубал менен шыптын шыбактары түшүп, полдо бетондон жаракка кеткени айтылат. Аталган борбор ушундай абалдагы камераларда 242 адам кармалып турганын белгилеген.

"Тергөө абагындагы шарттар начар. Капиталдык оңдоо иштери көптөн бери жүргүзүлбөй, инфратүзүмдүн эскилиги жетип, жараксыз абалга келген. Абактагыларга жана ошол жерде иштеген кызматкерлерге шарт түзүлгөн эмес. Камералардын абалы жакшы эмес. Тергөө абагына шаардын сыртына көчүрүү жана бардык стандарттарга жооп берген жаңы, заманбап имаратты куруу боюнча иштерди күчөтүү жана тездетүү зарыл”, - дейт улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков.

Кемпир-Абад иши боюнча камалган саясатчылар отурган камера. 6-сентябрь, 2023-жыл
Кемпир-Абад иши боюнча камалган саясатчылар отурган камера. 6-сентябрь, 2023-жыл

4-сентябрда Азимбек Бекназаровдун Фейсбуктагы баракчасына моралдык кыйноого кабылып жатканы тууралуу билдирүүсү тараган. Ал өзү менен кошо Кубанычбек Кадыровду, Жеңиш Молдокматовду шарты өтө начар жер төлөгө которушканын айткан.

1-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун кыйноого кабылып жатканы тууралуу билдирүүсү Фейсбуктагы баракчасына чыккан. Анда Жээнбеков Эл аралык уюмдарга, Кыйноолорго каршы улуттук борборго, Акыйкатчы институтуна, укук коргоочуларга кайрылып, беш күндөн бери тинтүү болуп, сыз, муздак, эч кандай шарты жок камерага которулганын кабарлаган.

Жазаларды аткаруу кызматы абакта баары мыйзамда көрсөтүлгөн негизде жана тартипте кармаларын, эч кандай кыйноолорго жол берилбей турганын "Азаттыкка" билдирген.

Саясатчыларды кайрылуулары боюнча УКМК комментарий бере элек.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан отузга жакын адам 2022-жылы октябрда тергөө абагына киргизилип, кийин айрымдары үй камагына чыккан. Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Учурда бул иш боюнча кармалгандардын 11и абакта.

Айыпталгандар бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG