Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

АКШ Minuteman стратегиялык ракетасын сынады


АКШ 6-сентябрга караган түнү Minuteman III - континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынады. Дүрмөттөлбөгөн ракета Калифорниядагы Ванденберг аскердик базасынан учурулду. Анын башкы бөлүгү максатына - Тынч океандагы Кважалейн атоллунун жанындагы полигонго ийгиликтүү жетти.

Сыноону жетектеген полковник Брайан Титустун айтымында, бул "АКШнын өзөктүк күчтөрүнүн даярдыгын көрсөтүү жана натыйжалуулугуна ишенимди камсыз кылуу үчүн" жасалды.

The Moscow Times басылмасы АКШ жыл башынан бери өзөктүк кубаты бар континенттер аралык баллистикалык ракеталарды үчүнчү ирет сыноодон өткөргөнүн жазды. Басылма бул сыноо Москванын Украинадагы согушунун тушунда, орусиялык айрым чиновниктердин өзөктүк куралды айтып коркутуп сүйлөгөн маалда болуп жатканын белгиледи.

АКШ армиясы Minuteman III ракеталарын 1970-жылдардын башынан бери колдонот. 15 миң км чейин жеткен ракета 0,3-0,6 мегатоннага чейин өзөктүк дүрмөттөрдү алып жүрүүгө жөндөмдүү. Учурда АКШда 400гө жакын Minuteman III бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG