Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

УКМК президенттин жардамчысынан акча талап кылган мурдагы чиновник кармалганын билдирди


Бишкектеги УКМК имараты. Иллюстрация сүрөт.
Бишкектеги УКМК имараты. Иллюстрация сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин мурдагы жетекчиси Данияр Акматов кармалганын билдирди. Ал президенттин жардамчысынан 300 миң доллар талап кылууга шек саналууда. Атайын кызматтын маалыматына караганда, "ал колундагы чагымчыл материалдарды маалымат каражаттарына берүү менен коркутуп, акча талап кылган".

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 6-сентбярда сураган акчасынын бир бөлүгүн алып жаткан учурда колго түшкөн. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Атайын кызмат шектүүнүн акча которууга байланыштуу телефондон сүйлөшкөн аудиосун таратты. Анда ал акча биткоин түрүндө жөнөтүлүшү керектигин айткан.

Данияр Акматов социалдык тармактын активдүү колдонуучуларынын бири. Соңку учурда өкмөттүн ККМге байланыштуу чечимин сындап, электр энергиясын үнөмдөөдөн мурда майнинг компанияларды тыюу керек экенин жазган.

Инвестиция илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору болуп 2020-жылы октябрда дайындалган. 2021-жылдын башында кызматтан кеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG