Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

Акыйкатчы институту аэропортто кармалган келиндин укугун камсыздоого чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы институту укук коргоо органдарын аэропортто милиция кызматкерлери кармаган К. А. аттуу келиндин укуктарын камсыздоого чакырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери убактылуу кармоочу жайда кармалган келинден кабар алышты. Ал Бишкектеги ооруканалардын биринде кайра жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткан баласы үчүн тынчсызданып жатканын айткан.

Акыйкатчы институтунун бөлүм башчысы Наиля Токтосунова келиндин баласынын абалы оор экенин, учурда ага апасы абдан керек экенин белгилеп сотко кайрылды.

“Кармалган аялдын жашы жете элек төрт баласы бар. Жолдошу менен ажырашып кеткен. Сотту ушул жагдайларды эске алууга жана камак менен байланышпаган бөгөт чарасын тандоого чакырабыз” ,-дейт Токтосунова.

Буга чейин кармалган аялдын апасы милиция кызматкерлери кызынын ымыркай баласы бар экенине карабай кармап кеткени тууралуу маалымат каражаттарына билдирген.

Августтун аягында милиция Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча шектелип издөөдө жүргөн аял кармалганын кабарлаган. Шектүү "Бишкек-Стамбул" багыты боюнча өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган учурда кармалган. Ош шаардык милициясынын билдиришинче, 1991-жылы туулган К.А.нын үстүнөн ири суммадагы (жалпы суммасы 698 миӊ доллар) акчасын алдатышканын айтып калаанын төрт тургуну арызданган.

"Тергөөчүнүн бир нече ирет чакырганына карабастан, өзү жашап турган Өзгөн районунан Бишкек шаарына качып кеткен. Бишкектен баласын ооруканага медицина кызматкерлерине айтпастан таштап, "Бишкек-Стамбул" багыты боюнча качып бара жаткан жеринен кармалган", - деп айтылат маалыматта.

31-августта Ош шаардык соту жабырлануучуларга келтирилген чыгымдын ири суммада экендигин жана шектүү качып кетиши мумкүндүгүн эске алып шектүүнү 15-сентябрга чейин абакта кармоо чечимин чыгарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG