Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Мадумаров менен Кутманова абакта ооруп жатканын билдиришти


Адахан Мадумаров жана Динара Кутманова.
Адахан Мадумаров жана Динара Кутманова.

Убактылуу тергөө абагында кармалып турган саясатчы Адахан Мадумаров кант диабети менен ооруп жатканын билдирди. Ал эми экс-министр Динара Кутманова жүрөк кемтиги менен ооруйт. Мындай кабарды Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 8-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагындагыларды кармоо шарты менен таанышып чыккандан кийин таркатты.

Адахан Мадумаров экинчи типтеги кант диабети менен ооруп жатканын билдирген. Ага электрокардиостимулятор коюшкан.

Ал эми мурдагы Жаратылышты коргоо, техникалык көзөмөл жана экология министри Динара Кутманова жүрөк кемтиги менен ооруй турганын, жүрөк капкакчасын батыраак алмаштыруу зарылдыгын билдирген.

Мониторингдин жүрүшүндө дагы бир катар кемчиликтер аныкталган. Алтымыш кишиге ылайыкташкан тергөө изоляторунда 76 киши кармалып турганы кабарланат. Абактагылар үчүн маалымат такталары жана сунуш-даттануулар боюнча анонимдүү кутучалардын жоктугу байкалган. Фельдшер эмгек өргүүсүнө чыгып кетип, анын ордуна эч ким коюлган эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров 2-сентябрда камакка алынган. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы ага Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси (“Мамлекеттик чыккынчылык”) боюнча айып коюлганын билдирген. Биринчи Май райондук соту Мадумаровду 24-октябрга чейин тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган.

Динара Кутманова 24-июлда УКМК тарабынан кармалган. Атайын кызмат экс-министрге жалпы суммасы бир миллиард сомго чукул болгон бир катар коррупциялык фактыларда “башкы уюштуруучу жана шыктандыруучу болгону” аныкталганын кабарлаган. (KbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG