Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:52

МАГАТЭ Запорожье АЭСине жакын жерде жардыруулар болгонун билдирди


Запорожье АЭСи. Иллюстрациялык сүрөт.
Запорожье АЭСи. Иллюстрациялык сүрөт.

Атомдук энергия боюнча эл аралык аганттиктин (МАГАТЭ) орусиялык аскерлер басып алган аймак - Украинанын Запорожье облусундагы АЭСте турган эксперттери акыркы жумада көп сандаган жардыруулардын добушу угулгаанын айтышууда.

"Немис толкуну" радиосу маалымдагандай, 8-сентябрда МАГАТЭнин башчысы Рафаэль Гросси азыркы кырдаал аймакта аскердик активдүүлүктү күчөтүп, "АЭСте өзөктүк коопсуздукка коркунуч келтириши ыктымалдыгын" айтты.

Уюмдун эксперттери 2-сентябрдан тарта үч күн ичинде 20дан ашуун, андан кийин дагы бир нече жардыруулардын добушун угушкан. Гроссинин сөзүнө караганда, АЭСтин өзүндө жардыруунун кесепети байкалган эмес.

МАГАТЭнин эксперттерине станциянын бир катар энергоблоктору жайгашкан чатырына чыгууга уруксат бериле элек.

Июндун башында Украинанын президенти Владимир Зеленский чалгындын маалыматына таянып, Орусия станциянын чатырына жардыргыч заттарды жайгаштырганын билдирген. Москва аны четке каккан.

8-10-сентябрь күндөрү Орусия басып алган аймактарда, анын ичинде Запорожье облусунда "Мыйзам чыгаруу жыйынына" деп аталган жасалма шайлоо өтүп жатат.

Украина шайлоону сындаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG