Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Бишкектин Ленин районунда Жогорку Кеңеш депутатын кайра шайлоо өтүп жатат


Шайлоо участогунун ачылышы. Бишкек. 10-сентябрь, 2023-жыл. БШК тараткан сүрөт.
Шайлоо участогунун ачылышы. Бишкек. 10-сентябрь, 2023-жыл. БШК тараткан сүрөт.

Бүгүн, 10-сентябрда Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутаттыгына кайра шайлоо өтүп жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, ага 24 талапкер ат салышууда. Алардын ичинде беш аял талапкер бар.

Талапкерлердин бири - Турсунбай Бакир уулу добуш берүү күнүнө аз калганда шайлоодон баш тартарын билдирген. Анын билдирүүсү добуш берүү бюллетендери даярдалгандан кийин болгондуктан, талапкердин аты-жөнү тизмеде калган.

Ушул тапта Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунун 51 шайлоо участогунда добуш берүү жүрүүдө. Аталган аймактагы шайлоочулардын такталган саны - 127 239.

Бул аталган шайлоо аймагындагы экинчи жолку кайра шайлоо.

Биринчи жолу кайра шайлоо өткөрүү бул аймактан 2021-жылы шайланып келген Жаныбек Абиров депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшыргандан кийин жарыяланган. Ал мандатын Бишкек шаарындагы кафелердин биринде мушташка катышып, күзөтчүлөрдүн бирин сабап салгандан кийин тапшырган.

28-майда кайра шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында талапкер Дамира Ниязалиева биринчи орунду ээлеген. Добуш сатып алуу боюнча кылмыш иши ачылып, талапкерлер Дамира Ниязалиева менен Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылган. Анын негизинде шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG