Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:23

Венеция кинофестивалынын баш байгесин Йоргос Лантимос жеңди


Йоргос Лантимоc баш байге менен. Венеция. 9-сентябрь, 2023-жыл
Йоргос Лантимоc баш байге менен. Венеция. 9-сентябрь, 2023-жыл

Венеция кинофестивалинин баш байгеси – «Алтын арстан» грекиялык режиссер Йоргос Лантимоско ыйгарылды. Калыстар тобу «Кедейлер-бактысыздар» деген тасманын бай режиссерлук фантазиясын жана актриса Эмма Стоундун өзгөчө чеберчилигин белгилешти.

«Күмүш арстан» жапониялык Рюсукэ Хамагутинин экологиялык драмасына тийди.

Мыкты режиссер деп италиялык Маттео Гарроне аталды. Анын массалык миграция темасына кайрылган «Мен капитан» деген фильминде башкы каармандын ролун аткарган Сейду Сарр Марчелло Мастроянни атындагы сыйлыкка татыды.

Мыкты актер наамы «Эске тутуу» деген тасмада деменциядан жабыркаган кишинин ролун аткарган Питер Сарсгдаадга ыйгарылды.

Ал эми Кейли Спейни «Присцилла» аттуу фильмде Элвис Преслинин жубайынын ролу үчүн жогорку баага татып, мыкты актриса деп аталды.

Мыкты дебют категориясында тайвандык режиссер Ли Хунчи «Махабат – бул тапанча» деген фильми менен жеңди.

Быйыл эң байыркы Венеция кинофестивали 80-жолу өткөрүлдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG