Марокконун бийлиги Испания, Катар, Бириккен Араб Эмираттары жана Британиянын жардамын кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги 10-сентябрдын кечинде билдирди. Маалыматка караганда аталган төрт өлкө куткаруучуларды жана гуманитардык жардам жөнөттү.
Жардам берүү ниетин билдиргендердин арасында Франция, АКШ, Израиль сыяктуу мамлекеттер дагы бар.
Зилзаладан набыт болгондордун саны 2200гө чамалады. Учурда урандылдардын алдынан аман калгандарды издеп, куткаруу иштери уланууда. Мароккодо үч күндүк аза күтүү жарыяланды.
9-сентябрга караган түнү болгон катуу жер титирөөдөн өмүрү кыйылгандардын саны дагы өсүшү мүмкүн экени эскертилди. Анткени куткаруучулар алыскы аймактарга жетише элек.
Reuters агенттиги жазгандай, баш калаа Марракеште жер титирөөдөн чет элдиктер арасында өзгөчө популярдуу деп саналган тарыхый район дагы жабыркады.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катуу жер титирөөнүн кесепетинен адамдар курман болгондугуна байланыштуу Марокконун падышасы Мухаммед VI бин Аль-Хасанга көңүл айтты.