Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Бишкекте көмүскө акча алмаштырган орусиялык жарандар кармалды


Мыйзамсыз акча алмаштыруу жайын уюштургандар. УКМК тараткан сүрөт.
Мыйзамсыз акча алмаштыруу жайын уюштургандар. УКМК тараткан сүрөт.

Бишкек шаарындагы “Орусия” бизнес борборунун ичинде жашыруун акча алмаштыруу бюросун жана криптовалюта сатып алуу жайын уюштурган Кыргызстандын жана Орусиянын жарандары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, алар акча каражаттарын системалуу түрдө криптовалюталар аркылуу легалдаштарууга катышы бар деп шектелүүдө.

Табылган фактылардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси – “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” боюнча кылмыш иши козголгон.

УКМК канча киши кармалганын такталган эмес. Шектүүлөр мекеменин тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кабарланды. Тиешелүү кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Улуттук банктын реестрине ылайык, учурда Кыргызстанда 588 акча алмаштыруучу жай бар. Кезинде алардын саны 700гө чейин жеткен. Башкы каржы көзөмөл мекемесинин атайын уруксаты жок акча алмаштыруу мыйзамсыз болуп эсептелет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG