Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:07

Bloomberg: Ким Чен Ын Орусияга поезд менен жөнөгөн болушу мүмкүн


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. Владивосток. 25-апрель, 2019-жыл. Архивдеги сүрөт.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. Владивосток. 25-апрель, 2019-жыл. Архивдеги сүрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 13-сентябрда жолугушу мүмкүн экенин 11-сентябрда Bloomberg агенттиги жазды.

Басылмадагы маалыматка караганда, «Ким Чын Ын Орусияга поезд менен жолго чыккан болушу мүмкүн жана саммит 13-сентябрда өтүшү ыктымал».

Буга чейин орусиялык кабар агенттиктери өз булактарына таянып, Владивостоктун бийлиги Түндүк Кореянын лидерин тосуп алууга катуу даярдык көрүп жатканын жазышкан.

Ким Чен Ын менен Путин жакын арада Владивостокто жолугуп, Пхеньяндын Москвага курал-жарак жеткирүү маселесин талкуулашы мүмкүн экенин АКШнын бийлиги 4-сентябрда билдирген. Кремль анда бул маалыматты ырастоодон баш тарткан.

Маалыматка караганда, Путин Кимди Орусияга артиллериялык ок-дарыларды жана танктарга каршы ракеталарды жөнөтүүгө ынандырууну көздөйт.

Ал эми Ким Москвадан спутниктер жана суу алдында жүрүүчү атомдук кемелер үчүн жаңы технологияларды алгысы келет. Түндүк Корея ошондой эле азык-түлүккө муктаж.

Батыштын санкцияларына кабылып, обочодо калган Москва менен Пхеньян Орусия Украинага толук кандуу согуш ачкан 2022-жылдын башынан бери байланыштарын бекемдөө аракетин көрүп келет.

Ким Чен Ын менен Владимир Путин соңку ирет 2019-жылы Владивостокто жолугушкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG