Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:36

Кыргызстанда жыл башынан бери 100дөй адам сууга чөгүп каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстанда жыл башынан бери, 11-сентябрга карата өлкөдө 98 адам сууга чөгүп каза болгонун билдирди. Бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 13 адамга көп.

Эң көп кырсык Ош облусунда (22 адам), Чүй облусунда (21 адам) жана Ысык-Көлдө (16 адам) катталган.

Былтыр бир жыл ичинде 85 адам сууга чөгүп каза болгон. 2021-жылы 128, ал эми 2020-жылы 82 өлүм катталган.

Адистер мындай кырсыктар айрыкча жайкысын сууга түшүү эрежелери, коопсуздук чаралары сакталбаган учурда көп катталарын, андыктан этият болуу зарыл экенин белгилеп келишет.

XS
SM
MD
LG